Биз менен байланышыңыз

Криштиану Роналду: Португалияны Дүйнө чемпиону кылуу эң чоң кыялым болчу

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 12 Дек 2022 | 922 | 0

Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду команданын чейрек финалдагы Дүйнө чемпиондугунан кетишине байланыштуу пикирин билдирди.

 «Португалия үчүн Дүйнө чемпиондугун жеңүү менин карьерамдагы эң чоң жана дымактуу кыялым болчу. Бактыга жараша, мен көптөгөн эл аралык наамдарга ээ болдум, анын ичинде Португалия үчүн, бирок менин эң чоң кыялым – өлкөбүздү дүйнөдөгү эң жогорку деңгээлге чыгаруу болчу», — деди футболчу.

Роналду ар дайым жеңиш үчүн күрөшкөнүн, бардык жакшысын бергенин жана бул кыялынан эч качан баш тартпаганын белгиледи.

Чейрек финалдык беттеш Роналдунун улуттук курама үчүн карьерасындагы 196-оюну болду. Муну менен ал улуттук курама командаларда ойноо боюнча кувейттик футболчу Бадер Аль-Мутава койгон дүйнөлүк рекордду кайталады.

10-декабрда Португалия Мароккого 0:1 эсебинде утулуп, жарым финалга чыга алган жок.

Жеңиш алып келген, жалгыз голду 42-мүнөттө марокколук чабуулчу Юсеф Эн-Несири киргизди

Copyright © 2017 Maral FM