Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Франция курама командасы Мароккону утуп финалга чыкты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 15 Дек 2022 | 519 | 0

Франциянын футбол боюнча курама командасы Катарда өтүп жаткан дуйнө чемпионатында Марокко курамасын утуп финалга чыкты.

Беттеш Эль-Хаурдагы «Аль-Байт» стадионунда өтүп, 2:0 эсеби менен аяктады. Бешинчи мүнөттө биринчи голду коргоочу Тео Эрнандес киргизди. Бул гол 1958-жылдан бери Дүйнө чемпиондугунун жарым финалындагы эң ылдам гол болду.

79-мүнөттө Рандал Коло Муани гол киргизип, француздардын командасына экинчи упайды алып келди.

Бугай чейин, 13-декабрда Аргентина курама командасы Хорватия курамасын 3:0 эсебинде жеңип, чемпионаттын финалына чыккан алгачкы команда болгон.

18-декабрда финалга чыккан Аргентина менен Фрнация курама командалары беттешсе, 17-декабрь күнү үчүнчү орун үчүн Хорватия менен Марокко ойнойт.

Катардагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат 20-ноябрда башталган, 18-декабрда жыйынтыкталат.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM