Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Дүйнө чемпионатындагы калыстардын негизги акысы 70 миң доллар

Кыска кабар , Спорт | 5 Дек 2022 | 1839 | 0

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда калыстык кылуу үчүн чакырылган судьялардын негизги акысы 70 миң долларды түзөт. Бул тууралуу Sport-Express жазып чыкты.

Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын жалпысынан 36 арбитр, 69 жардамчы жана 24 видео арбитр чакырылган.

Алардын иш жүгү ар түрдүү. Ар бир беттештин калыстар тобуна 10 адам кирет. Башкы калыстын жардамчыларынын ар бири 25 миң доллардан алышат. Булар ФИФА калыстардын тизмесине киргизгенден кийин, кандай болгон күндө да төлөй турган суммалар.

Мындан тышкары, өткөрүлгөн матчтар үчүн гонорарлар бар.

Ар бир оюн үчүн калыстын акысы 3000 долларды түзөт. 1/8 финалдан бул сумма 10 миңге чейин көбөйөт.

Төртүнчү калыска (запастагы) бир беттешке 2500 доллар төлөйт. 1/8 финалдан баштап бул сумма 5000 долларга чейин көтөрүлөт. Жардамчылардын акысы бирдей: тайпалык баскычта – ар бири 2500 доллардан, андан кийин – 5000 доллардан.

Видео жардамчыларга ар бир оюн үчүн 3 миң доллар төлөнөт, топтордогу жолугушуулар аяктагандан кийин, бул бонус 5 миңге чейин өсөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM