Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Финалдык оюнду польшалык калыс башкарат

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 16 Дек 2022 | 577 | 0

Польшанын футбол федерациясынын расмий сайты билдиргендей, чемпионаттагы чечүүчү беттешти польшалык калыс Шимон Марциняк калыстык кылат.

Марциняка Павел Сокольницкий жана Томаш Листкевич жардамчы калыс болот.

Буга чейин, Марциняк финалда беттеше турган командалардын ар биринин оюндарына калыстык кылып келген. Тайпалык баскычтын 2-турунун оюнунда Франция менен Даниянын оюнунда иштесе, 1/8 финалда Аргентина жана Австралиянын беттешинде дагы  калыстык кызматын кылган.

Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун финалы 18-декабрь күнү Франция менен Аргентинанын ортосунда болот.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM