Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Аргентина курама командасы жарым финалдык беттешинде Хорватия курамасын жеңип алды.
Лусаил Айконик стадионунда өткөн беттеш 3:0 эсебинде аргентиналыктардын пайдасына аяктап, анда Жулиан Альварес 39 жана 69-мүнөттө гол киргизсе, Лионель Месси пенальтиден гол киргизди.
Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси 11-голун киргизип, дүйнөлүк чемпионаттагы голдордун саны боюнча улуттук кураманын рекордун койду.
Хорватия курамасы менен болгон беттеш Месси үчүн Дүйнө чемпиондугундагы 25-матчы болду.
Финалда аргентиналыктар Франция менен Марокко беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт.