Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Борбор Азиянын мугалимдери тажрыйба алмашты

Билим-маданият | 4 Ноя 2022 | 3147 | 0

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу максатында «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнү жайылтуу» долбоору талкууланды. Катышуучулар экология, экономика жана социология жаатында тажрыйба алмашып, сабак берүүнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүштү. Мындан сырткары Борбор Азияда туруктуу өнүгүү концепциясын адаптациялоо жана жайылтуу планын иштеп чыгуу маселелери талкууланып, эл аралык эксперттер тарабынан семинарлар өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 150 адам катышты.

Бишкек шаарында эки күндөн бери «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнү жайылтуу» долбоорунун алкагында жыйын өтүп жатат. Ага Кыргызстандын аймактарынан келген мугалимдер да катышууда.

Алар жолугушуу учурунда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген педагогдор менен тажрыйба алмашып, эл аралык эксперттерден маалымат алышты. Анын ичинде Жалал-Абад облусунда жайгашкан мектептердин биринде биология жана химия сабагынын мугалими Жамал Туратова да бар. Ал туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү – заманбап методикалык ыкмаларды камтыган окуу процесси экенин айтат.

«Бул туруктуу өнүгүү боюнча билим берүү азыркы заманбап методикалык ыкмалар менен сугарылган окуу процесси. Мага аябай жаккан жери окуучуга сабак бергенде, биз көбүнчө негизги чордонго мугалимди коебуз. Ал эми бул методика менен кете турган болсок, окуучунун оюнун баалуулугу, анын жеке ишкердик ишмердүүлүккө багыттаган активдүү окуу ыкмасын алып баргандыгы менен өзгөчөлөнөт. Бул методду окутуу процессинде сөзсүз колдонуу керек. Кечээтен бери Казакстан, Өзбекстандан келген алдыңкы педагогдордун тажрыйбаларын көрүп жатабыз. Ал жерден өзүбүзгө керектүү жерлерди алдык. Ал эми биз да өзүбүз колдонгон тажрыйбалар менен бөлүштүк».

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тилин окутуу методикасы предметинин окутуучу Ташболот Жороевдин айтымында, бул жактан алган маалыматтарды, тажрыйбаларды практика жүзүндө сөзсүз колдонуу керек.

«Маалыматка да, методикалык усулдук иштерге да абдан бай семинар болуп жатат. Анткени бир эле мезгилде окутуунун жаңы маалыматтары менен таанышуу менен ошону кантип окутуу керектиги тууралуу да маалымат алып жатабыз. Бири бирибиз менен тажрыйба алмашып жатабыз. Менде бир ой пайда болду. Мугалимдер биз өзүбүз менен өзүбүз жашап келе бериппиз. Мугалимдерге экономисттер сабак берсе кызыктуу болот экен. Бул жерде интеграциялык аралашып жашоо деген эмне экендиги боюнча жакшы тажрыйба болду».

Аймактык жолугушуу климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарынын түгөнүшү, биологиялык ар түрдүүлүктүн кыскарышы, чыр-чатактар, басмырлоо сыяктуу туруктуу өнүгүүнүн көйгөйлөрү тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга, ошондой эле туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү билим берүүнүн ролун түшүнүүгө салым кошот.

И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин орус тили мугалими Гүлмира Шамканова семинардын алкагында үйрөнгөн жаңы методдорду окуу жайдагы башка мугалимдер менен бөлүшүп жатканын айтты.

Мындан сырткары ал «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнү жайылтуу» долбоорун жакында аталган жогорку окуу жайына базалык предмет катары киргизүү пландалып жатканын кошумчалады.

«Ааламдашууда биз ар кандай экологиялык, социалдык жана экономикалык жактан көйгөйлөр болуп жатат. Бул долбоор азыркы күндүн талабы. Мугалимдер өзгөрүүнү өзүнөн башташ керек. Мен өзүм орус тилчимин. Экология боюнча бир гана география мугалими сабак бериш керек деген ойдо болчумун. Бирок ар бир мугалим сабагынын негизинде бул теманы өтсө болорун түшүндүм. Туруктуу өнүгүүнүн көптөгөн методдору бар. Учурда үйрөнүп жатабыз».

Иш-чара Эстония өкмөтүнүн жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ), ЮНЕСКОнун колдоосу менен, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө «EdNet» Билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча агенттиги, «CAMP Алатоо» коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Бардык катышуучулар үчүн үйрөнүү тажрыйбасын камсыз кылуу максатында иш-чара интерактивдүү жыйындар, талкуулар, семинарлар жана көргөзмөлөр менен толукталды.

Copyright © 2017 Maral FM