Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: 10-февралда топографиялык жумушчу топтор жолугушат

Кыска кабар | 7 Фев 2022 | 552 | 0

10-15-февралда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Кыргызстандын аймагында өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын топографиялык жумушчу тобун министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектейт.

Жумушчу топ ишин баштаган 2021-жылдын май айынан бери 81 километрден ашуун мамлекеттик чек ара линиясы макулдашылып жазылды. Ага 1924-1927-жылдардагы жана 1989-жылдагы документтер кошумча пайдаланылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM