Биз менен байланышыңыз

Казакбаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 1211 | 0

Бүгүн, 31-майда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу тажик тарабынын демилгеси менен уюштурулду. Маектешүүнүн жүрүшүндө эки тараптын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу орун алды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектеш аймактарында тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алууга өзгөчө басым жасалды.

Министр Казакбаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынан өтүүсүн кыска мөөнөттө ар бир тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен сүрөттөө боюнча практикалык натыйжаларга жетишүүгө кыргыз тарап кызыкдар экендигин белгиледи.

Ошондой эле эки мамлекеттин аймактарында Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарынын мыйзамдуу туруусуна тиешелүү маселелер талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM