Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 542 | 0

17-майда, кечки саат 20:00дө Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушту.  Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Жетекчилер ошол эле күнү Кыргызстандын Ак-Сай, Тажикстандын Ворух айылындагы жарандардын кармалышы боюнча орун алган окуя тууралуу сүйлөштү.

Жыйынтыгында кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын мыйзам чегинде жоопко тартуу макулдашылды.

Ошондой эле чек аралаш аймакта буга чейин орун алган окуялардын кайталануусуна жол бербөө, чыр-чатактардын алдын алуу, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешип иш алып баруу сүйлөшүлдү.

Чек ара аймактарындагы маселелерди ыкчам чечип туруу максатында Баткен жана Согди облустарынын башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте, чек арада, жума сайын жолугууну макулдашышты.

Натыйжада Ак-Сай айылы менен Ворух айылынын кесилишкен жерине эки айылга кирген-чыккан жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн милиция кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлду.

Ошондой эле чек аранын кооптуу участкаларында эки мамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен патрулу түзүлдү.

Эки тараптуу сүйлөшүү түнкү саат 24:00гө чейин уланып, ага эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Өкүл Баткен районунун Ак-Сай айылынын эли менен да жолугуп, түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлдү.

Учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал тынч.

Copyright © 2017 Maral FM