Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушту

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 962 | 0

16-августта Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода чек ара аймагында Баткен, Лейлек жана Исфара райондорунун акимдеринин, күч түзүмдөрдүн жетекчилеринин коштоосунда жолугушту. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тарап чек арада соңку күндөрү болуп жаткан окуяларды талкуулашты. Катачылыктарга кимдер жол бергени туурасында сөз кылышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды:

  • 17-августтан баштап чек ара кызматтарынын жер-жерлердеги чек ара заставаларында чек арадагы терс көрүнүштөр боюнча окутууларды өткөрүү;
  • Эки тараптын милиция кызматкерлерине (ПОМ, аймактык милиция кызматкерлери) чек арага жакын аймактарда чыр-чатактын алдын алуу боюнча биргелешкен кошумча окутуу сабактарын өткөрүп, иштөө мүмкүнчүлүгүн арттыруу;
  • Чек арадагы айылдардын элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу;
  • Чектеш аймактарда чыр-чатак орун алган окуялар боюнча күч органдары тарабынан козголгон фактыларды, күч органдары тарабынан даярдалган материалдарды алмаштыруу.

Жыйынтыгында тараптар айына эки жолудан облус башчыларынын деңгээлиндеги жолугушуу уюштуруп турууга макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM