Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик жолунун кесилишине жол чырактар орнотулду

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 1160 | 0

Баткен районунун Жака-Өрүк участкасынан өткөн Баткен-Исфана автоунаа жолунун, Тажикстандын Исфара-Ворух автоунаа жолунун кесилишине 4 жол чырак орнотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Баткен районунун Тажикстан республикасы менен чектеш Ак-Сай, Көк-Таш айылынын аймактарына видео көзөмөл үчүн камералар орнотулду.

Буга чейин ушул жылдын 14-январында кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк комиссиясынын жолугушуусу өткөн.

Жолугушууда тараптар чек ара аймактарындагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, айрым орун алган чыр чатактарга так, туура анализ жүргүзүү максатында, чыр чатак көп катталган эки өлкөнүн чектеш аймактарына жол чырактарды жана байкоо камераларын орнотууну макулдашып, протоколго кол коюшкан.

Мындан улам Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын башчылары Алишер Абдрахманов менен Раджоббой Ахмадзода, бул иш аракеттерди биргеликте аткарууну макулдашкан.

Мындан улам азыркы учурда социалдык тармакта тарап жаткан тажик тарап чектеш аймака жол чырактарын орнотууда деген тынчсызданууларга негиз жок, жол чырактар менен байкоо камералар, эки элдин коопсуздугу үчүн, биргеликте жасалган аракет.

Copyright © 2017 Maral FM