Биз менен байланышыңыз

Коронавирусту дарылоонун алтынчы протоколу кабыл алынды

Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 1033 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуккандарды дарылоонун 6-протоколу кабыл алынды. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19дун жаңы штаммы чыкканда бейтаптарды дарылоо өзгөрүп турат.

«Ошону үчүн 6-протокол кабыл алынды. Медиктер жаңы протокол менен таанышып, учурда бейтаптарды ага ылайык дарылоодо», — дейт министр.

Copyright © 2017 Maral FM