Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 6 миң адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 222 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 6 миң 675 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 870 адам вакцинанын биринчи дозасын 3 миң 805 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 247 миң 394 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 38 миң 848 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү былтыр март айында башталган.

Copyright © 2017 Maral FM