Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Орусиядагы мигранттар медкароодон өтүп, манжа изин каттатышы шарт

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 471 | 0

2021-жылдын 29-декабрынан тарта чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Орусияга барган Кыргызстандын жарандары 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Ошондой эле манжа изин каттатып, сүрөткө түшүп бериши керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жарандар алгач фтизиатрдын, дерматовенерологдун, инфекционисттин, терапевттин, психиатр-наркологдун кароосунан өтүшү керек. Андан соң манжа изин каттатып, сүрөткө түшөт.

Манжа изин каттатуу үчүн Орусиядагы аймактык ички иштер башкармалыктарга, же ИИМдин алдындагы паспорт-виза кызматына, же Москва шаарындагы Көп тармактуу миграция борборуна кайрылуулары шарт.

Ички иштер органдарына кайрылуу учурунда чет элдик жарандар паспортун жана медициналык текшерүүдөн өткөнүн тастыктаган маалымкатын ала барууга тийиш.

Манжа изин каттатып, сүрөткө түшкөндөргө ырастоочу документ берилет. Ал бир жолку жана Орусияга кирүү/чыгуу санына карабастан акысыз болот.

Бул милдеттерди аткарбаган жарандардын Орусияда калуу мөөнөтү кыскартылат.

Copyright © 2017 Maral FM