Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына учуп кетти (делегациянын курамы)

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 482 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Делегациясынын курамында:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат бар.

Copyright © 2017 Maral FM