Connect with us

Акыркы суткада коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 212 | 0

Кыргызстанда 23-декабрга карата коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 13, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 42 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 299 бейтап, амбулатордук түрдө 343 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 356 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 442 киши айыгып чыкса, 2 миң 788 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM