Connect with us

Коронавирус дагы 42 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 5 Дек 2021 | 559 | 0

Кыргызстанда 5-декабрга карата коронавирус дагы 42 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 20, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 5, Ош облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 52 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 380 бейтап, амбулатордук түрдө 392 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 615 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 602 киши айыгып чыкса, 2 миң 758 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM