Биз менен байланышыңыз

Баткенде акыркы саатка карата мыйзам бузуу катталган жок

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 315 | 0

Баткен облусунун аймагында саат 16:00гө карата шайлоого 71 миң 316 шайлоочу катышып, 23%ды түздү. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 69 миң 30 шайлоочу добуш берип, 23%ды түздү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы саатка карата эч кандай мыйзам бузуу катталган жок.

Шайлоо өнөктүгү санитардык эрежелерди сактоо менен улантылууда. Баткен облусунун аймагында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жалпы 1200гө жакын милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукка көзөмөл жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM