Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэри Канттагы №7118 шайлоо тилкесинен добуш берди

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 335 | 0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Кант шаарындагы №7118 шайлоо тилкесинен добуш берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө.

Кыргызстанда түшкү саат 12:00гө карата 339 миң 785 жаран добуш берди.

Муну менен шайлоого катышуу 9,17 пайызды түздү. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.

Аймактар боюнча алганда, шайлоого катышкандардын саны боюнча Ош облусу 10,94% менен алдыда келе жатат. Андан тышкары

Бишкек шаарында — 36 миң 794,

Ош шаарында — 17 миң 37,

Жалал-Абад облусунда — 69 миң 58,

Ысык-Көл облусунда — 25 миң 915,

Нарын облусунда — 20 миң 623,

Ош облусунда — 73 миң 213,

Талас облусунда — 15 миң 941,

Чүй облусунда — 47 миң 769,

Баткен облусунда 31 миң 917 жаран шайлоого катышты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет жердеги тилкелерде 1518 мекендеш добуш берди. Муну менен Кыргызстандан сырткаркы шайлоочулардын катышуусу 1,8 пайызды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM