Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы эмдөө албаган үч бейтап каза болду

Кыска кабар | 24 Ноя 2021 | 210 | 0

Кыргызстанда 24-ноябрга карата коронавирус дагы 43 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 14, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 582 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 996 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 693 киши айыгып чыкса, 2 миң 732 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM