Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан үч бейтап каза болду

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 282 | 0

Кыргызстанда 18-ноябрга карата коронавирус дагы 62 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында – 17, Чүй облусунда – 17,  Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 92 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 560 бейтап, амбулатордук түрдө 661 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 667 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 200 киши айыгып чыкса, 2 миң 715 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM