Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, дагы 107 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 12 Ноя 2021 | 394 | 0

Кыргызстанда 12-ноябрга карата коронавирус дагы 107 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында – 64, Чүй облусунда – 20, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 105 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 557 бейтап, амбулатордук түрдө 792 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 197 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 615 киши айыгып чыкса, 2 миң 699 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM