Биз менен байланышыңыз

ДССУ Европада коронавирус күчөп жатканын эскертти

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Ноя 2021 | 487 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ)Европада коронавирус күч алганына тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун Европа бюросунун директеру Ханс Клюге чөлкөмдө кийинки жылдын башында дагы жарым миллион адам COVID-19дан көз жумушу мүмкүндүгүн эскертти.

«Европа аймагындагы 53 өлкөдөгү вирустун жайылуу темпи олуттуу тынчсызданууну жаратууда. COVID-19ду жугузуп алгандардын саны кайрадан рекорддук деңгээлге жакындап баратат. Европада жана Борбор Азияда коронавирустун «Дельта» варианты үстөмдүк кылууну улантууда», — деген Ханс Клюге.

Ал мындай жагдайга эмдөөнүн солгун жүрүшү жана коомдук жайларда санитардык эрежелердин сакталбай жатышы себеп болгонун белгиледи.

Соңку апталарда Европанын чыгышындагы жана түштүгүндөгү Румыния, Украина сыяктуу бир катар мамлекеттерде коронавирусту жугузуп алгандардын саны өсүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM