Биз менен байланышыңыз

Президент Глазго шаарында өтүүчү дүйнө лидерлеринин Саммитине катышат

Кыска кабар | 30 Окт 2021 | 186 | 0

Президент Садыр Жапаров 1-2-ноябрда Глазго шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Саммит аянтчасында мамлекет башчысы чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясынын 26- сессиясы ушул жылдын 31-октябрынан 12-ноябрга чейин Глазгодогу Шотландиялык конгресс-борбордо өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM