Биз менен байланышыңыз

Эдил Байсалов JDS долбоорунун стипендиаттары менен жолугушту

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 317 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын университеттерине тандалып алынган JDS долбоорунун стипендианттары менен жолугушту.

Эдил Байсалов JDS долбоорунун 15-тобунун стипендианттарын жогорку окуу жайларга өтүшү менен куттуктап, алардын билим алуусу мамлекет үчүн маанилүү экенин белгиледи.

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жаш адистери JDS долбоорунун стипендиясын утуп алып, Япониянын алдыңкы университеттеринде билим алышат. Мамлекет башчысы, Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кесипкөй күчтүү кадрлар иштешине өзгөчө маани берет. Анткени мамлекеттик кызматкерлер жаңы саясий тутумду ишке ашырат. Мамлекеттик кызматкерлерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн, аны эл алдында актоо керек», — деди ал.

Байсалов Япония Өкмөтүнө эки өлкө ортосундагы достук көпүрөсү катары кызмат кылган JDS долбоорунун алкагындагы кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Айта кетсек, долбоор иштеп баштагандан тарта 200дөн ашуун мамлекеттик кызматкер Япониянын университеттеринде билим алган.

Copyright © 2017 Maral FM