Биз менен байланышыңыз

Жапаров Дүйнөлүк банктын аймактык директору менен энергетика маселесин талкуулады

Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 215 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын кызматташуусу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, энергетика тармагына реформа жүргүзүү, энергиянын жаңырып турган булактарын пайдаланууну кеңейтүү, Күн энергиясын өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгуу маселеси талкууланды.

Мындан тышкары мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды жакшыртууга тийиштүү пикир алмашуу болду.

Copyright © 2017 Maral FM