Биз менен байланышыңыз

Президент Кытайга качан барарын айтты

Кыска кабар | 23 Окт 2021 | 522 | 0

Коңшулар менен мамилелерди бекемдөө — биздин башкы максатыбыз. Акыркы учурда коңшулар менен мамиле салкындап кеткен, Казакстан, Өзбекстан менен болгон мамилебиз сапаттуу жана жаңы деңгээлге чыкты. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров маалымат жыйында билдирди.

Президент Кытай менен болгон мамилеге токтолуп, коронавирустук абал турукташкандан кийин Кытайга сапар ала турганын айтты.

Ошондой эле эл аралык мамилелер бекемделип, Будапештте элчилик ачылганын маалымдады.

Жыйынтыгында, мамиле кылууга кызыкдар өлкөлөр менен кызматташууга ачык экенин белгиледи.

Маалым болгондой, Кыргызстан 165 өлкө менен кызматташып жатат, 124 ар түрдүү эл аралык уюмдун мүчөсү.

Copyright © 2017 Maral FM