Биз менен байланышыңыз

Президент: Жакында бульдозерлер, бронотехникалар кураштырыла баштайт

Кыска кабар | 23 Окт 2021 | 1236 | 0

Кыргызстанда жакында бульдозерлер, учкучсуз учуучу техникалар кураштырыла баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маалымат жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Президенттин айтымында, жакында өлкөдө бульдозерлерди, электромобилдерди, брондолгон техникаларды, учкучсуз учактарды кураштыруу башталат. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын да кошумчалады. Бирок өлкө башчы жогоруда айтылган техникаларды кайсы өлкө менен биргеликте өндүрүү боюнча эч кандай маалымат айткан жок.

Ошондой эле автобустарды өндүрүү боюнча кыргыз-орус биргелешкен ишканасы ишке кирерин да айтып өттү.

Copyright © 2017 Maral FM