Биз менен байланышыңыз

Президент: Бюджеттик чыгашалар 20%га өстү

Кыска кабар | 23 Окт 2021 | 269 | 0

Кыргызстанда быйыл 8 айда 350 чакан ишкана ачылып, жалпы 42 776 иш орун түзүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

Маалымат жыйында Жапаров өлкөнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө токтолду.

Быйыл 9 айда бюджетке 129 млрд сом киреше кирген. Ошондой эле чыгашалар өткөн жылга салыштырмалуу 20%га өскөн. 9 айда бюджеттин чыгаша бөлүгү 127,7 млрд сомду түзгөн.

Мындан сырткары 6 айда чет элдик түз инвестициянын көлөмү өсүп, 321 млн долларды түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM