Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус дагы 103 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 20 Окт 2021 | 282 | 0

Кыргызстанда 20-октябрга карата коронавирус дагы 103 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 47, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 49 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 604 бейтап, амбулатордук түрдө 542 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 6 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 766 киши айыгып чыкса, 2 миң 638 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM