Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоого бюджеттен 592 млн сом бөлүнөт

Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 292 | 0

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Аны өткөрүүгө республикалык бюджеттен жалпы 592 млн 350 миң каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Президенттик администрациянын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Искендер Гайпкулов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө каралган 592 млн сом 36 шайлоо округу боюнча эсептелип чыккан.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, дагы 5 жерде 2 шаарда, 3 айылдык кеңеште шайлоо өтүшү керек болчу. Муну дагы бюджеттин акчасын үнөмдөө максатында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен бирге өткөрүүнү пландап жатабыз. Мыйзамдарда шайлоолорду өткөрүүгө уруксат берет. Биз 47 млн сом каражат үнөмдөп жатабыз», — Гайпкулов деди .

Мындан сырткары ал 2020-жылдын 4-октябрында өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого катышкан партиялардын шайлоо күрөөсү, башкача айтканда, 80 млн сом толугу менен кайтарылып берилгенин кошумчалады.

Эске салсак, өткөн жылкы парламенттик шайлоого 16 партия катышкан. Анда шайлоо күрөөсү 5 млн сом болчу, быйыл ал 1 млн сомго түшүрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM