Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы бир сейил бак ачылат

Кыска кабар | 15 Окт 2021 | 455 | 0

Бишкек шаарынын Дэн Сяопин проспектиси менен Садыгалиев көчөсүнүн кесилишинде шаардыктар үчүн дагы бир сейил бак ачуу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин жана шаардык муниципалитеттин демилгеси менен паркты уюштуруу жана көрктөндүрүү пландаштырылган аймакта көчмө жыйын өткөрүлдү.

Көчмө жыйынга «Бишкек башкы архитектура», «Бишкек жашыл чарба», «Бишкек асфальт сервис», «Тазалык» ишканаларынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында бул маселени мыйзам чегинде иштеп чыгуу тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM