Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форумуна катышууда

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 235 | 0

Бүгүн, 14-октябрда Баткен облусунун Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму башталды.

Форумга Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, атамекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышууда.

Иш-чара Баткен облусунун экономикалык потенциалын кеңейтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, ошондой эле жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында өтүүдө.

Аталган форум Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана саналбастан, маанилүү макулдашууларга жетишүүгө да мүмкүндүк берет.

Форумга 300дөн ашык адам катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM