Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрө турган 4 факторду атады

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 1276 | 0

Экономикадагы ийгиликтердин алгоритми — улуттук биримдик, эрк, жарандардын жогорку жоопкерчилиги жана күжүрмөн эмгек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Ошондой эле ал өлкөнү мындан ары өнүктүрө турган 4 факторду атады. Алар капиталга болгон жеткиликтүүлүк, технологияларга болгон жеткиликтүүлүк, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана адам капиталы.

Мындан сырткары Жапаров президент Садыр Жапаровдун конкреттүү милдеттемелерди жана талаптарды койгонун белгиледи.

«Бюджеттин ресурстук бөлүгүн жогорулатуу үчүн кечиктирилгис чараларды берүү: жергиликтүү жана республикалык бюджетти, социалдык фонддун бюджетин, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин. Бул — бүтүндөй бюджеттик системаны камтыган мыйзамдар. Бюджеттин ресурстук бөлүгүн бүгүнкү күндө жылдын аягында 280 млрд сом менен аяктайбыз деп жатабыз. Президенттин тапшырмасы боюнча 2022-жылы 400 млрд сомго, 2023-жылы 500 млрд сомго, ал эми 2024-жылы 600 млрд сомдун тегерегине жеткизүү. Бул биздин бүгүнкү күнкү ИДПбыз менен тең болот. Биздин ИДПнын дээрлик көпчүлүгү көмүскөдө, ошондуктан аткезчиликти жоюу менен гана бул милдеттемелерди аткара алабыз» , — деди Жапаров.

Жапаров ошондой эле президенттин ар бир милдеттемелерин ишке ашырууга ишендирди.

Copyright © 2017 Maral FM