Биз менен байланышыңыз

Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу республикалык кеңешме өткөрөт

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 294 | 0

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун таза өтүшү боюнча 21-октябрда жалпы республикалык кеңешме өткөрөт. Бул тууралуу жаңы дайындалган мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов алдыдагы парламенттик шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда айтты.

Касмамбетовдун билдирүүсүнө таянсак, республикалык кеңешмеге айыл өкмөттөрдөн баштап, өкмөт башчысына чейин бардык жетекчилер катышат.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM