Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 2 бейтап каза болуп, дагы 87 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 281 | 0

Кыргызстанда 24-сентябрга карата коронавирус 87 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 41, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда — 4, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 92 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 535 бейтап, амбулатордук түрдө 858 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 123 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 657 киши айыгып чыкса, 2 миң 597 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM