Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Жалал-Абадда 6 кг 922 грамм гашиш табылды

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 465 | 0

Жалал-Абад шаарында баңгизат сатуу менен алектенген үч жаран кармалды. Алардын жанынан жалпы 6 кг 922 гр маңзат алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

11-сентябрда Өзбекстандын жараны, мурда өз өлкөсүндө жана Кыргызстанда соттолгон 1970-жылы туулган Т. О. кармалган. Текшерүү учурунда жанынан скотч менен оролгон эки таңгак — 1 кг 905 гр гашиш табылган.

Ушул эле күнү Сузак районунда туулган дагы бир жаран баңгизат сатып жаткан жеринен колго түшкөн. Саткан баңгизаты үчүн акча каражатын алуу учурунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда, шымынын оң чөнтөгүнөн көзөмөлдөнгөн затты сатып алуу үчүн берилген 8 миң доллар табылып алынган. .

12-сентябрда түнкү саат 01:00 чамасында Жалал-Абад шаарында К.А. жашаган жерди тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар 5 таңгакталган зат табылган. Анын жалпы салмагы 6 кг 922 грамм «гашиш» болуп чыкты.

Иликтөөнүн жүрүшүндө баңгизат Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан сугат талааларынан жеткирилгени аныкталды. Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM