Биз менен байланышыңыз

«Максат» орто мектеби окуучуларга эшигин ачты

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 562 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунун Максат орто мектеби окуучуларга эшигин ачты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чарага билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов, облустук, райондук жетекчилер, мектеп мугалимдери, окуучулар, ошондой эле айыл тургундары катышты.

Министр окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, баарына иштеги жана окуудагы зор жетишкендиктерди каалады.

Эске салсак, 30-апрелде Максат орто мектебин тажик тарап басып алып, керектүү буюмдарын алып, өрттөп, ар тарабынан ок атышкан. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы билдиргендей, мектепке 580 жолу ок тийген.

Чек арадагы чыр: 580 жолу ок тийген Максат орто мектеби (сүрөт)

Copyright © 2017 Maral FM