Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 68 кишиден табылып, 2 адам каза болду

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 348 | 0

Кыргызстанда 13-сентябрга карата коронавирус дагы 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында – 31, Чүй облусунда –15, Ош шаарында — 3, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 3 адамдан табылган.

Ал эми бир суткада 95 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 649 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 21 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 226 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 523 киши айыгып чыкса, 2 миң 574 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM