Биз менен байланышыңыз

Жапаров Түркиянын вице-президентин кабыл алды

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 257 | 0

Президент Садыр Жапаров 10-сентябрда, Түркиянын вице-президенти Фуат Октайды кабыл алды. 

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу жана алгылыктуу маселелери боюнча пикир алмашышты, ошондой эле соода-экономикалык Өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынынын жыйынтыгын жана кыргыз-түрк бизнес-форумун талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап стратегиялык мүнөзгө ээ болгон эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга кызыктар экенин белгиледи. Өз кезегинде, Түркиянын вице-президенти Фуат Октай кыргыз тарапка меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз элине Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жолдоду.

Фуат Октай үстүбүздөгү жылдын 8 айында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн оң динамикасы байкалганын, тараптар аны акырындык менен жылына 1 млрд  долларга чейин жеткирүү ниетинде экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM