Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 104 кишиден табылып, 2 адам каза болду

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 442 | 0

Кыргызстанда 9-сентябрга карата коронавирус дагы 104 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында – 61, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 16, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусу – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 137 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 698 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 122 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 883 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 48 киши айыгып чыкса, 2 миң 563 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM