Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 180 киши жарандыктан чыгып, 227 адам жарандыкка ээ болду

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 387 | 0

Президент Садыр Жапаров Президентке караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Анын ичинде президенттин 1 Жарлыгы менен 227 кишиге жарандык берилди (179 – чоңдор жана 48 бала). Алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Президенттин дагы бир Жарлыгы менен 180 кишиге (150 – чоңдор жана 30 бала) Кыргызстандын жарандыгынан чыкты.

Жалпы 407 адамдан өтүнүч түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM