Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда лидер аялдардын алгачкы курултайы өтүүдө

Кыска кабар | 25 Авг 2021 | 595 | 0

Бүгүн, 25-августта Кыргызстандагы лидер аялдардын алгачкы Курултайы башталды. Иш-чара сентябрь айынын аягына чейин уланат.

Ага 300дөн ашык аял катышууда. Курултай активист аялдардын демилгеси, Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңештин, аял депутаттар форумунун колдоосу менен уюштурулууда.

Иш-чара өлкөдө болуп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдү, ошондой эле аялдардын коомдогу ордун жана ролун талдоого багытталган.

Кыргызстандын лидер аялдарынын Курултайы аялдардын тажрыйбасын аныктоо, изилдөө жана талкуулоо үчүн көп кырдуу аянтча болууда. Бул аянтча аялдардын жана кыздардын ийгиликтүү баяндарын жайылтуу мүмкүнчүлүгүнө айланмакчы.

Курултайдын жыйынтыгында гендердик теңдикке жетүү үчүн аракеттерди жасоо жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүү үчүн шарт түзүү боюнча чечим кабыл алуу, ошондой эле Резолюцияны иштеп чыгуу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM