Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең» курултай өтүүдө

Кыска кабар | 27 Апр 2019 | 587 | 0

Бишкектеги Улуттук драма театрында «Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең» аталыштагы жыйын өтүп жатат.

Өлкөдөгү жалпы коомдук-саясий абал жана курултай институтун киргизүү маселеси жыйындын башкы темасы болуп жатканын жеринен кабарчыбыз билдирди.

Жыйында шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы партиялык тизме боюнча, ал эми экинчи жарымы бир мандаттуу система менен шайланышы керек деген сунуштар айтылууда.

Курултайга Парламенттин экс-спикерлери, саясатчылар, коомдук активисттер катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM