Биз менен байланышыңыз

27-апрелде экинчи элдик курултай өтөт

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 1143 | 0

Бийлик элдик курултайдын бир да талабын аткарган жок. Бул тууралуу мурунку Башкы прокурор Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында айтты.

Курултайда азыркы бийликтин иши канааттандырарлык деп бааланып, коюлган талаптарды аткарууга 1-январга чейин мөөнөт берилген. Андан кийин да бир топ иш-чараларды өткөрүшсө да, реакция болбой жатат. Буга байланыштуу 27-апрелде экинчи курултай өткөрүүнү пландап жатышат.

— Мамлекеттик казынага кол салгандардын аты-жөнү ачыкталбаса, биз ушул күнү айтабыз. Алардын арасында Жогорку Кеңеште отургандар да бар. Кээ бири качып жүрөт. Биз референдум өткөрүү үчүн күбөлүк алдык, эми кол топтой баштайбыз. 

Эске салсак, 2018-жылдын 24-ноябрында элдик курултай өткөн. Анда конституциялык реформаны өткөрүү, курултай өткөрүүнү мыйзамдаштыруу, «Кумтөр» боюнча келишимди денонсациялоо, экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгоо сыяктуу талаптарды коюшкан.

Copyright © 2017 Maral FM