Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Бекназаровго элчиликти өзүм сунуш кылдым

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 928 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы кызматтык дайындоолор боюнча оюн билдирди. Анда саясатчы Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчи болгону тууралуу да токтолду. Кыргызстан эгемендүүлүктү ала электе Топчубек Тургуналиев, Турсунбек Акун, Жыпар Жекшеевдер демократияны башташканын, ошол себептүү аларды сыйлай турганын да айтты.

-2000-жылдын тегерегинде алардын катарына Азимбек Бекназаров кошулду. Ал элге жагабы-жакпайбы, өз оюн айтат. Азимбек Бекназаровго өзүм сунуш кылдым. “Ушунча жыл иштедиң, эки революциянын башында турдуң. Эми ошол энергияны элчиликке барып, пайда келтириңиз” десем, ойлоно турган болуп кеткен. Кийин макул болду. Ал жакка барып, жакшы кызмат көрсөтөт деп ишенем.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйын берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM