Биз менен байланышыңыз

«Баба дыйкан» партиясы 20 жылдыгын белгилеп, курултай өткөрүүдө

Кыска кабар | 16 Ноя 2019 | 919 | 0

Бүгүн Бишкекте «Күч-элде, байлык жерде!» аталышында «Баба дыйкан» партиясынын 7-курултайы болуп жатат. Аталган партиянын төрагасы Эсенгул Исаков партия түзүлгөнүнө 20 жыл болгонун белгилеп кетти.

Бул мезгил аралыгында партия дыйкандар үчүн бир катар пайдалуу иштерди жасаганын Исаков белгиледи:

— 2005-жылы өлкөдө дыйкандар насыяга трактор, комбайн жана башка айыл чарба техникаларын алышкан. Биздин партия бул техникалык насыянын төлөө мөөнөтүн 10 жылга узартууга жетиштик. Натыйжада, дыйкандарыбыз насыяны, ага алынган техникаларды кеңири иштетип, анын үзүрүн көрдү. Төлөө мөөнөтү узарып, көпчүлүк баба дыйкандар кайтарууда кыйынчылык тартышкан жок, — деди Эсенгул Исаков.

Иш-чарага Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, өлкөдө дыйканчылык багытында иш алып баргандар менен иштешкен банктар, коомдук активисттер, саясатчылар жана башка коноктор катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM