Биз менен байланышыңыз

Исаков: «Парламенттин сапаты начар, ага партия лидерлери күнөөлүү»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2019 | 588 | 0

Парламенттин сапаты начар, анткени ЖКга акчалуулар көп келген. Бул депутаттардын эмес, саясий партиялардын лидерлеринин күнөөсү. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эсенгул Исаков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, партиялардын системасы, жер-жерлерде лидери жок болгондуктан шайлоо алдында акчалууларды алып келет. Мындайда акча берген адамдын элге жагары, арты таза экени унутулуп калат. Ошентип, парламентке эл үчүн пайда алып келе албагандар келип калууда.

Ал эми эл муктаждыктарын чечмейин шайлоодо акча алганды уланта берет. Исаков шайлоодо эл таратылган акчалар бир күндүк гана экендигин, бирок келечекте улуттун тагдырын чечерин түшүнбөй жаткандыгы тууралуу төмөндөгүдөй ойлору менен бөлүштү:

-Таяктын эки учу болот дегендей, бир жагынан элди, экинчи жагынан парламентти урушкуң келет. Акча берип шайланган депутаттар өзүнүн гана маселесин чечип жатат. Жакшы инсандарды алып келип депутат кылуунун жолу бар. Ал үчүн партиялар напсисин бузбашы керек. Каражатты өздөрү таап, тизме түзүүдө эл менен акылдашуусу зарыл», — дейт Исаков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM