Биз менен байланышыңыз

Исаков: «Өлкөдө социалдык, экономикалык күрөш унутулуп бара жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2019 | 517 | 0

Кыргызстан Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышын тандоодо оңолуунун жолуна түшүүсү кажет. Болбосо, өлкө саясий күрөш менен көп алектенип, бир орунда туруп калды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эсенгул Исаков «Марал» радиосуна берген маегинде айтып өттү.

Анын айтымында, өлкөдө социалдык, экономикалык күрөш унутулуп бара жатат. Себеби ар бир саясий партия программасы менен эмес, көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, бийликти жамандоо менен гана парламентке өтүп жаткандыгын билдирди:

«Парламенттин 9%дык босого чени көптүк кылат. Босого чекти 5%га түшүрүү туура. Балким, Жогорку Кеңештин XIX чакырылышында босого баллды көтөрүүгө мүмкүн болот», — дейт Исаков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM