Биз менен байланышыңыз

Бусурманкулов: Азыркы бийликке көпчүлүк нааразы

Пикирлер | 3 Дек 2018 | 720 | 0

«Азыркы бийликке көпчүлүк нааразы. Президент Сооронбай Жээнбеков 35 коррупционерди камай турганын айткан. Учурда аны көрбөй жатабыз.» Мындай пикирин «Эркин эл» саясий партиясынын теңтөрагасы, жарандык активист Айбек Бусурманкулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал өкмөттүн кадр саясаты алсыз болуп жатканын айтат. Буга катар 24-ноябрда өткөн коомдук, саясий уюмдардын курултайынын максаты ишке ашканын, коомдо чоң резонанс пайда кылганын белгилейт.

Бусурманкуловдун пикиринде, өлкө башчы курултайга келбей чоң ката кетирген. Курултайдын жүрүшүндө Атамбаевдин иши канааттандырылбасын деп айтылганы менен чечимдердин 70%  азыркы президент Сооронбай Жээнбековго багытталган. Коомчулук муну түшүнбөй жатат.

«Бийлик курултайдын чечимин аткарабы деген жерде маселе бар. Өткөн курултайга өлкөнүн баардык жеринен активисттер, саясатчылар катышты. Коомдук, саясий күчтөр эч кимге көз каранды болгон жок. Президент ачуу чындыкты укса жакшы болмок. Жээнбеков максатын билдирсе, бирге иштешүүгө даярбыз. Курултай да чоң иш-чаранын башаты. Өкмөткө, Башкы прокуратурага чечилчү маселелер берилди», — дейт активист.

Ал азырынча бийлик тараптан курултайда кабыл алынган чечимдерге эч кандай реакция боло электигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM